Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Аскердик абал жөнүндө», «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-октябры № 4397-V "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Аскердик абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты И.И.Исаков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Аскердик абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149