# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 4424-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 4424-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4424-V
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7444/edition/638784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 4424-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75305

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-ноябры № 4424-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Т.А. Батыралиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Батыралиев Талантбек Абдуллаевичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун он сегизинчи абзацындагы «Сагинбаева Динара Зарлыковнаны» деген сөздөр «Батыралиев Талантбек Абдуллаевичти» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
