# КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 22-мартындагы № 1698-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 22-мартындагы № 1698-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1698-III
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7326/edition/577931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 22-мартындагы № 1698-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому (22.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2007-жылдын 22-марты № 1698-III Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин: "Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Минск шаарында 2006 -жылдын 23-июнунда кол коюлган "Борбордук Азия Кызматташтыгы" уюмун Евразия экономикалык коомдоштугуна интеграциялоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2002-жылдын 7-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында терроризмге каршы биргелешкен иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн маалыматтар банкы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүңдө; "Нью-Йорк шаарында 2005-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Ядролук терроризм актыларына каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Дүйшөнбү" шаарында 2006-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө 2003-жылдын 28-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Бишкек шаарында 2006-жылдын 22-майында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы тобокел тобундагы балдар менен социалдык жактан иштөөгө окутуп-үйрөтүүнү колдоо/өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Атайын макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

М. Султанов
