# КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 29-январындагы № 917-IV "2009-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 29-январындагы № 917-IV "2009-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 917-IV
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7301/edition/549806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 29-январындагы № 917-IV "2009-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-январы № 917-IV 2009-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2009-жылдын 29-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Депутат О.М.Артыкбаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Рига шаарында 2008-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Исламдык Конференция Уюмунун иммунитеттери жана артыкчылыктары жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2008-жылдын 7-февралындагы № 132-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын түзүмүн, штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

А.Тагаев
