Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2009-жылдын 16-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-январы № 889-IV 2009-жылдын 16-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2009-жылдын 16-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Мамлекеттик символдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскер-экономикалык кызматташуунун жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктарды өз ара коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "1995-жылдын 10-февралындагы Текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо максатында алып өтүлчү нормативдик документтерди, эталондорду, өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү алып өткөндүк үчүн бажылык пошлиналарды, салыктарды төлөөдөн бошотуу өткөндүк үчүн бажылык пошлиналарды, салыктарды төлөөдөн бошотуу жана атайын уруксаттарды берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2007-жылдын 22-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу; "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө.
Төраганын орун басары
Ч.Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскер-экономикалык кызматташуунун жүрүшүндө алынган жана…Закон · 24.02.2009 · № 64
- "Ашхабад шаарында 2007-жылдын 22-ноябрында кол коюлган 1995-жылдын 10-февралындагы текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо максатында алып өтүлүүчү ченемдик документтерди…Закон · 25.02.2009 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндөЗакон · 08.08.2006 · № 165 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон