# 9-статья

- Документ: [Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/751)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1538-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.05.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-715/edition/1234971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/751/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, 9-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-9

---

Акталган адамдардын граждандык бардык укуктары, мунун ичинде өз каалоосу боюнча бардык калк жашаган пункттарда жана жерлерде (куугунтукка алынганга чейин өздөрү туруктуу жашаган жерде) укугу калыбына келтирилсин, бул укук анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү. Мамлекеттик сыйлыктан, окумуштуу даражасынан, аскердик, атайын жана ардактуу наамдардан, пенсиядан, автордук жана башка укуктардан ажыратууда жазалоо колдонууга байланышкан чечимдер жараксыз деп таанылсын. (Куугунтукталган авторлордун чыгармачыл мурасын коргоо мөөнөтү алар толук акталгандан кийин эмгеги биринчи басылып чыккан күндөн баштап эсептелинсин). (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 694-ХII токтому). Акталган адамдар жана алардын мурасчылары иштерде сакталып калган кол жазмаларды, сүрөттөрдү жана башка өзүмдүк документтерди алууга, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында акталгандыгы жөнүндө акысыз билдирүү жарыялоого укуктуу. Акталган адам дүйнөдөн кайткан учурда арыздануучулардын өтүнүчү боюнча куугунтукка алууга байланыштуу иштерди сактаган архив органдары аларга акталган адамдын дүйнөдөн кайткан убактысын, анын себебин жана көмүлгөн жерин билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-10)
