# 6-статья

- Документ: [Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/751)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1538-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.05.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 207 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам", "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.12.2024 [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 207 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам", "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362); 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/751#diff=1234978..24523>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-715/edition/1234971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/751/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, 6-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-6

---

Ушул Мыйзамды колдонуунун төмөнкүдөй тартиби белгиленсин: Прокуратура органдары улуттук коопсуздук органдары менен бирге жазалоо фактылары боюнча ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдар тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Реабилитациялоо боюнча комиссия) сунушу боюнча берилген арыздарды текшерип, документ даярдашат жана бардык кылмыш иштери боюнча тийиштүү тыянак чыгарат жана прокурор:

- сот тарабынан соттолгондордун ишин соңку сот чечими чыгарылган сотторго корутундусу менен жиберет. Жоюлган же таркатылган соттор, ошондой эле граждандарга карата аскер соту тарабынан чыгарылган өкүмдөр учурда колдонуудагы мыйзамдар боюнча ошол иштер карамагына берилген соттордун кароосуна өткөрүп берилет. Иштин аймак боюнча караштуулугу соңку сот чечими чыгарылган жер боюнча аныкталат;

- сот эмес органдардын чечими менен жазалангандардын иши - жазалоонун колдонулушуна тиешелүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Бишкек шаардык сотуна жана арыз ээсине иштин кайсы сотко жиберилгени билдирилет.

Иштин каралышынан кийин сот төмөндөгүдөй чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:

- адам негиздүү соттолгон же сот эмес орган тарабынан жазалангандыктан ушул Мыйзамдын аракети ага карата колдонулбайт;

- адам жөнсүз соттолгон же сот эмес органдар тарабынан жөнсүз жазаланган жана ал ушул Мыйзамга ылайык акталат.

Ишти кароодо сот ошондой эле соттун мурдагы өкүмүнө, акыктамасына жана токтомуна же сот эмес органдардын чечимине өзгөртүү киргизе алат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-5)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-61)
