# 3-статья

- Документ: [Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/751)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1538-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.05.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 207 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам", "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/751#diff=1234978..24523>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-715/edition/1234971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/751/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, 3-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-3

---

Төмөндөгүдөй саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган адамдар акталууга тийиш:

- мамлекеттик жана башка кылмыштар үчүн мыйзамсыз соттолгондор;

- Бүткүл россиялык өзгөчө комиссиянын, Мамлекеттик саясий башкарманын, Мамлекеттик өзгөчө саясий башкарманын, Ички иштер эл комиссариатынын башкармасынын, Ички иштер эл комиссариатынын, Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин органдарынын, прокуратуранын жана анын коллегияларынын, "экилик", "үчүлүк" комиссияларынын жана башка сот милдетин ишке ашырган органдардын чечими боюнча уголовный куугунтукка алынгандар;

- административдик тартипте сүргүнгө айдалгандар, айдалып жиберилгендер, атайын конуштарга көчүрүлгөндөр, эрки чектелген шартта мажбурлап, мунун ичинде "Ички иштер эл комиссариатынын жумушчу колонналары", "эмгек армиясы" деп аталган жерлерде иштегендер, ошондой эле укугу жана эрки дагы башкача чектелгендер;

- соттун жана сот эмес органдардын чечими менен мажбурлап дарылоо үчүн психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандар.

- коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган төмөнкүдөй жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн айыптоо өкүмүнө карабастан, Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдар:

а) 58-статьянын 1-18-бөлүктөрүндө каралган контрреволюциялык кылмыштар үчүн;

б) 59-статьянын 1-7-бөлүктөрүндө, 10; 60-62, 69; 70; 72-73, 76; 82; 84; 91-92-статьяларда каралган башкарууга каршы кылмыштар үчүн;

в) 109-111-статьяларда каралган кызматтык кылмыштар үчүн;

г) 131-статьяда каралган чарбалык кылмыштар үчүн;

д) 162-статьянын "а-д" пункттарында каралган мүлктүк кылмыштар үчүн;

е) 182, 191, 192-статьяларда каралган элдин саламаттыгын сактоо, коомдук коопсуздук жана тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн.

Ушул статьянын жетинчи-он экинчи абзацтарында саналган кылмыштар боюнча саясий репрессиянын белгилери болуп бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актылардын мазмунунан жана маңызынан келип чыккан негизде кылмыш-жаза жана/же административдик тартиптеги колдонуудагы негиздемелер боюнча чечимдери саналат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-4)
