# 2-статья

- Документ: [Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/751)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1538-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.05.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 1999 года № 109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения по социальным, национальным и другим признакам"](https://aqlex.ai/kg/doc/272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/751#diff=1234972..1234973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-715/edition/1234971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/751/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, 2-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-2

---

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жана Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигинин башка мамлекеттеринин республиканын аймагында саясий куугунтукталган бардык граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга, ошондой эле башка мамлекеттерде - мурдагы СССРдин союздук республикаларында саясий куугунтукталган, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана анын гражданы болуп эсептелген адамдарга жайылтылат. Мажбурлоо чаралары түздөн-түз колдонулган адамдар менен бирге атылган адамдардын жана өлгөндөн кийин акталгандардын балдары, жубайы, ошондой эле эркинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерде, атайын конушта болгон же ата-энесинин, жубайынын куугунтукталгандыгына байланыштуу укугу жана эрки башкача чектелген балдар, жубайлар саясий куугунтуктоодон жапа чеккен деп табылат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-3)
