# 11-статья

- Документ: [Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/751)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1538-XII
- Кабыл алынган күнү: 27.05.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 207 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам", "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.12.2024 [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 207 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам", "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/230020362); 09.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике", "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам")](https://aqlex.ai/kg/doc/112536); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 09.10.1999 [Закон КР от 9 октября 1999 года № 109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения по социальным, национальным и другим признакам"](https://aqlex.ai/kg/doc/272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/751#diff=1234978..24523>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-715/edition/1234971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/751/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, 11-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-11

---

Турак-жай абалын жакшыртууга муктаж акталган граждандарга турак-жайды кезексиз алуу укугу берилет. Акталган адам өлүп калган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук, эгерде алар жаңы бүлө түзбөгөн болсо, жубайлардын бирөөнө, ошондой эле камалганга чейин бирге жашаган жана куугунтуктоого байланыштуу ээлеп турган турак жайга болгон укугун жоготкон жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж ата-энесине жана балдарына сакталат. Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө;

- телефонду биринчи кезекте орнотууга;

- карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмесин сактоо менен мамлекеттин толук камсыздоосунда жашоого.

Ушул Мыйзамга ылайык акталган адамдар адвокаттан акталууга байланышкан маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган социалдык гарантияларга укуктуу акталган адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк берилет. Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын курмандыгы катары реабилитацияланган, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин, агартуу, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн элеси жана алардын сөөгү коюлган жерлер түбөлүккө сакталууга тийиш. СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон башка мамлекеттердеги саясий куугунтукка алынган, бирок, Кыргыз Республикасында жашап жаткан жана анын гражданы болуп эсептелген акталган адамдар ушул статьяда каралган бардык социалдык гарантияларды пайдаланат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик тилдеги, үчүнчү бөлүктүн биринчи абзацынын 11-беренесиндеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/751/st-12)
