# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7186/edition/1154310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө" токтому (25.02.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75044

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 25-февралы № 107 Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Айыл жерин 2010-жылга чейин комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакетин өз учурунда жана толук ишке ашырууну камсыз кылышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
