# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 872-IV ""Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 872-IV ""Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 872-IV
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7164/edition/543630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 872-IV ""Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому (26.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75022

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 872-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 25-декабрындагы № 716 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын суммасы 5,5 млн. долларга көбөйгөндүгүн эске алып, долбоорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бул долбоор боюнча каржы каражаттарынын чыгымдалышын контролдоону күчөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине жана Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине квартал сайын берип турсун.

Төрага

А.Тагаев
