Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 872-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 25-декабрындагы № 716 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө (Энергетика секторуна шашылыш жардам долбоору) макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын суммасы 5,5 млн. долларга көбөйгөндүгүн эске алып, долбоорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бул долбоор боюнча каржы каражаттарынын чыгымдалышын контролдоону күчөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине жана Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине квартал сайын берип турсун.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.