# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 868-IV "Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 868-IV "Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 868-IV
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/75018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7160/edition/543432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/75018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 868-IV "Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө" токтому (26.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/75018

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 868-IV Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө

Агрардык-жер реформасынын айынан 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен колхоздор менен совхоздордун базасында түзүлгөн фермер, дыйкан чарбаларын жана башка айыл чарба субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июнундагы № 152-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын 2007-жылдын 31-октябрындагы протоколунун № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерине ылайык айыл чарба субъекттери менен каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу жөнүндө маселени чечсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков), ошондой эле Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.

Төрага

А.Тагаев
