Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 868-IV Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө
Агрардык-жер реформасынын айынан 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен колхоздор менен совхоздордун базасында түзүлгөн фермер, дыйкан чарбаларын жана башка айыл чарба субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июнундагы № 152-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын 2007-жылдын 31-октябрындагы протоколунун № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерине ылайык айыл чарба субъекттери менен каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу жөнүндө маселени чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков), ошондой эле Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №397 "Жер жана агрардык реформаны өткөрүүнүн жүрүшүндө иштешин токтоткон айыл чарба субъекттеринин эсебиндеги 1992-1995-жылдарда алынган…Постановление · 23.06.2009 · № 397 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон