Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларынын долбоорлору тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 859-IV "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларынын долбоорлору тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларынын долбоорлоруна төмөнкү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен макулдук берилсин.
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларынын долбоорунан (код ТН ВЭД): 1006, 1701 12, 1701 91 000, 1701 99, 2710 11 жана 2710 19 товардык орундар алынып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларынын (код ТН ВЭД): 4707, 1003 00, 1004 00 000 0, 1005, 1213, 1214, 2301, 2302, 2304, 2306 жана 2308 товардык орундарынын колдонулушунун мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №157 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып чыкчу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларын…Постановление · 10.03.2009 · № 157 · Күчүн жоготкон