# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 853-IV "2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 853-IV "2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 853-IV
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7142/edition/541860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 853-IV "2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу" токтому (26.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74995

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-декабры № 853-IV 2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу

2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2008-жылдын 26-сентябрындагы № 652-IV "2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата республиканын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- өлкөнүн отун-энергетика комплексинде түзүлгөн кырдаал боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- энергетика тутумунда жылытуу мезгилинин ири бузулууларсыз туруктуу өтүшү жана Токтогул суу сактагычында суунун жетиштүү деңгээлинин топтолушу үчүн зарыл болгон чаралардын баарын көрүү;

- электр менен туруктуу жабдуу үчүн Казакстан Республикасында белгиленген тарифтер боюнча акы төлөөгө макул болгон бизнес-түзүмдөр, чет өлкөлүк дипломаттык өкүлчүлүктөр, чет элдик компаниялар, саламаттык сактоонун, туризмдин менчик мекемелери жана коммерциялык ишканалар тарабынан керектелүүчү электр энергиясынын көлөмүн аныктоо боюнча маселени иштеп чыгуу. Бул максатта аларды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон электр энергиясынын жалпы көлөмүнө Казакстан Республикасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана макулдашуу түзүү, ал эми ички өндүрүүчүлөрдүн бош калган электр энергиясын республиканын калкынын керектөөсүнө жиберүү.

Төрага

А.Тагаев
