Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-декабры № 835-IV "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу
"Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 5-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитети тарабынан сунуш кылынган жумушчу тобунун курамы бекитилсин (тиркелет).
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 16.05.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон