Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-декабры № 826-IV "Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 16-майындагы № 231 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
бюджет мыйзамдарынын жоболорунун так сакталышын камсыз кылып, бюджеттик ассигнованиелердин сарамжал жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону күчөтсүн; анын ичинде Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун багыты боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге берилген, мыйзамсыз пайдаланылган бюджеттик каражаттарды, ссудаларды жана кредиттерди кайтарып алуунун толуктугун камсыз кылсын; төмөнкүдөй практиканы токтотсун:
- салык жана бажы төлөмдөрү боюнча негизсиз салыктык жана бажылык бошотуулар, жеңилдиктер жана төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруулар берүүнүн;
- мурда берилген кредиттерди тындыруу боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда чарба жүргүзүүчү субъекттерге ссудаларды жана кредиттерди күрөөлүк камсыз кылуусуз берүүнүн;
мамлекеттик карызды кыскартуу боюнча чараларды көрсүн жана 2009-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке мамлекеттик карызды тейлөөнүн абалы жана өз кепилдиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынган заемдук каражаттардын бардык түрлөрүн кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө отчет берсин; 2007-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин материалдарында көрсөтүлгөн каржылык тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-апрелине карата берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №446 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 10.07.2009 · № 446 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.12.2009 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетун бекитүү тууралууЗакон · 23.01.2009 · № 22
- Постановление Правительство КР от 16 мая 2008 года № 231 "Об отчете об исполнении республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2007 год"Постановление · 16.05.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон