# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 825-IV "2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 825-IV "2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 825-IV
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7111/edition/540739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 825-IV "2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74964

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-декабры № 825-IV 2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу; 2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын отчету тууралу; "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-сентябрында кол коюлган "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" (Грант № Н 380-KG) экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу; "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.

Төрага

А.Тагаев
