Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Суу чарба объекттерин куруунун программасын ишке ашырууну, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 12-декабры № 823-IV Суу чарба объекттерин куруунун программасын ишке ашырууну, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Суу чарба объекттерин куруунун программасын ишке ашырууну, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн иликтөө жана текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - депутаттык комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Р.А.Абдыраимованын - Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
Ж.С.Жакыповдун - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
М.К.Жураевдин - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
А.А.Кенжебаеванын - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
А.С.Кулбаевдин - Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча
комитеттин мүчөсүнүн.
2. Депутаттык комиссия жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-мартына чейин маалымдасын.
3. Зарыл болгондо депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, Эсептөө палатасынын, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков) жүктөлсүн.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 911-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба…Постановление · 22.01.2009 · № 911-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 899-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2009 · № 899-IV