# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 804-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 804-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 804-IV
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7090/edition/539424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 804-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому (11.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 11-декабры № 804-IV Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин 11 мүчөсүн шайлоо үчүн талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө шайлансын: Айтиева Максуда Жанибековна; Актан Арым Кубат; Бөрүбаев Самат Нарматович; Жакиев Бексултан; Ибрагимов Тынай Кудайбергенович; Ишекеев Назаркул; Карыбаева Мира Аскеровна; Кененсариев Ташманбет; Конкобаев Кадыралы; Сагымбаев Абдисамат Акимович; Турапов Каримберди Ырысалиевич.

Төрага

А.Тагаев
