# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 798-IV "2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 798-IV "2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 798-IV
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7084/edition/539351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 798-IV "2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (11.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 11-декабры № 798-IV 2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин 2008-жылдын 9 айынын ичиндеги иши жөнүндө маалымат тууралу; "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;

А.Т.Үсөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу тууралу;

Депутат Н.И.Байлону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын кызматынан чакыртып алуу жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымын шайлоо жөнүндө.

Төрага

А.Тагаев
