# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-декабрындагы № 796-IV "2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-декабрындагы № 796-IV "2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 796-IV
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7082/edition/542476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-декабрындагы № 796-IV "2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралуу" токтому (05.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 5-декабры № 796-IV 2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизилген 2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун карап чыгып, Жогорку Кеңеш Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен жер үлүшүн алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин кошумча текшерүүнүн зарылдыгын белгилейт. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) жана Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети (А.М.Салымбеков) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен жер үлүшүн алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин (2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна тиркеме) депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кошумча тактап чыксын жана 2009-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Төрага

А.Тагаев
