# КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1256-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1256-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1256-V
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7011/edition/540494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1256-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (28.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74859

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2011-жылдын 28-октябры № 1256-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

депутат К.К.Иманалиев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылуу менен контролдук-бюджеттик комиссиясына жиберилсин.

2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

депутат Д.Ө.Тербишалиев Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына киргизилсин.

Төрага

А. Келдибеков
