# КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 2655-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 2655-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2655-V
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-7008/edition/540209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 2655-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2012-жылдын 29-декабры № 2655-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Юрьевна Карамушкина Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Юрьевна Карамушкина Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына киргизилсин.

Төрага

А. Жээнбеков
