Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 ноября 2015 года № 44-VI "О признании утратившими силу некоторых постановлений Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-11-19.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 6-ноябры № 3559-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-V токтому менен бекитилген парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк Парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын; Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбекова Майрамкан Мамытовна киргизилсин.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Жапаров Садыр Нургожоевич чыгарылсын; Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмоналиев Каныбек киргизилсин жана социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын; Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович киргизилсин жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич чыгарылсын.
4. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекетгердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич киргизилсин жана контролдоо-бюджеттик комиссиясына делегатталсын; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Осмоналиев Каныбек киргизилсин жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбеков чыгарылсын.
5. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 174-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекбоев Замир Исакович киргизилсин; Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмоналиев Каныбек чыгарылсын.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз…Постановление · 11.02.2011 · № 169-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтомуПостановление · 19.11.2015 · № 44-VI
- КР Жогорку Кенешиниин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча…Постановление · 11.02.2011 · № 176-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз…Постановление · 11.02.2011 · № 169-V
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык…Постановление · 13.11.2009 · № 1498-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын…Постановление · 11.02.2011 · № 170-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтомуПостановление · 19.11.2015 · № 44-VI
- КР Жогорку Кенешиниин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча…Постановление · 11.02.2011 · № 176-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2011 · № 175-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 174-V "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2011 · № 174-V · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык…Положение · 13.11.2009
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992