# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4019-V "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4019-V "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4019-V
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6990/edition/537721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4019-V "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (30.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74838

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-апрели № 4019-V "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 21-январындагы № 43 токтому) "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Келишим күчүнө киргенден кийин төмөнкү маселелер боюнча ага киргизилген өзгөртүүлөрдү түрк тарап менен иштеп чыгуу тапшырылсын:

- Университеттин ректорун жана биринчи проректорун Тараптардын кезек менен дайындоосу боюнча;

- Университеттин чет элдик окутуучуларынын жана кызматкерлеринин ишке уруксат алуусунун зарылчылыгы;

- Университеттин аймагында бардык объектилердин (административдик жана окуу имараттарынын, кампустардын) курулушун 2020-жылга чейин аяктоо;

- 2020-жылга чейин ушул келишимдин алкагында Түркиядан, ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн алынып келинген курулуш материалдары үчүн бажы салыктарынан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу мөөнөтүн белгилөө.

Төрага

А. Жээнбеков
