Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-апрели № 4019-V "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 21-январындагы № 43 токтому) "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Келишим күчүнө киргенден кийин төмөнкү маселелер боюнча ага киргизилген өзгөртүүлөрдү түрк тарап менен иштеп чыгуу тапшырылсын:
- Университеттин ректорун жана биринчи проректорун Тараптардын кезек менен дайындоосу боюнча;
- Университеттин чет элдик окутуучуларынын жана кызматкерлеринин ишке уруксат алуусунун зарылчылыгы;
- Университеттин аймагында бардык объектилердин (административдик жана окуу имараттарынын, кампустардын) курулушун 2020-жылга чейин аяктоо;
- 2020-жылга чейин ушул келишимдин алкагында Түркиядан, ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн алынып келинген курулуш материалдары үчүн бажы салыктарынан жана башка төлөмдөрдөн бошотуу мөөнөтүн белгилөө.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- январындагы № 43 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 21.01.2014 · № 43
- 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын…Закон · 24.05.2014 · № 76