# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 683-IV "2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 683-IV "2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 683-IV
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6922/edition/531825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 683-IV "2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (16.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74767

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 16-октябры № 683-IV 2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Депутат А.А.Арапбаевди Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "2008-жылдын 20-майындагы № 235 "Буудай данына, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн караманын уругуна ташып кетүү (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Шабатоевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Жээнбековдун уулу Б.Ж.Амиражановдун жоголуу фактылары боюнча иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарынын маалыматы тууралу; "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Балдарга эмчек эмизүүнү коргоо жана балдардын жасалма тамактануусу үчүн азыктар менен каражаттардын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.

Төрага

А.Тагаев
