Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин маалыматы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 10-октябры № 680-IV Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин маалыматы жөнүндө
Бир катар министрликтер менен администрациялык ведомстволордо түзүлгөн мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү жергиликтүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу болгон статс-катчылар институтунун ишиндеги бир жактуу эмес кырдаалга байланыштуу, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги өтүп жаткан жылдын 9 айынын ичиндеги өз иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2008-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитети (А.А.Сабиров) менен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрү депутаттар М.Н.Исановага, Б.Т.Иманалиевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Тагаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.08.2005 · № 151 · Күчүн жоготкон