# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 642-IV "2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 642-IV "2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 642-IV
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6885/edition/530443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 642-IV "2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74730

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 25-сентябры № 642-IV 2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү кун тартиби бекитилсин: "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-январындагы № 73-IV токтому менен бекитилген Турак жайды ижарага алуу үчүн акы төлөөнүн жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 27-декабрындагы № 50-IV токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "1991-жылдын 31-августундагы № 575-ХII "Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын иши жана анын мүлкү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

А.Тагаев
