Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2013-жыл үчүн отчету жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-апрели № 3980-V Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2013-жыл үчүн отчету жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2013-жыл үчүн отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2013-жыл үчүн отчету бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык кылмыштын субъектиси катары мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата прокуратура органдарына тийиштүү жазык иштери боюнча кылмыштарды иликтөөдө тергөөгө тийиштүүлүктү бекем сактасын;
- Финансы министрлиги менен бирдикте укук коргоо органдары териштирген кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу түрдө толтуруу боюнча чараларды кабыл алсын;
- Эсептөө палатасы укук коргоо органдарына берген материалдарга толук кандуу текшерүү жүргүзсүн жана ар бир материал боюнча мыйзамдын алкагында чечим кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кызмат адамдарына карата тийиштүү тартиптик чараларды кабыл алуу жөнүндө маселени кароо тапшырылсын жана эки айдын аралыгында анын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине 2014-жылдын 1-августуна, 1-ноябрына карата жана 2015-жылдын 1-февралына карата маалымат берсин.
Төраганын орун басары
Т.Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон