# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-марты № 3917-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-марты № 3917-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3917-V
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6760/edition/553414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-марты № 3917-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" (11.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74550

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2014-жылдын 13-марты № 3917-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4148-V токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Насыя маалыматтарын алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн.

1) Кочкоров У.Т. - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2) Т.Д.Сарпашев - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

3) Абдылдаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү.

(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4148-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаков) жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
