# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 512-IV "2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 512-IV "2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 512-IV
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6720/edition/523561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 512-IV "2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому (19.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 19-июну № 512-IV 2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча төмөнкү маселелер киргизилсин: "Кыргыз Республикасы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө 2008-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (Н358-0KG), ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө" 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө" 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Шанхай кызматтыштык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган маданият тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү акциздик товарларга 2006-жылга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан товарларды сатып алууну жана тейлөөлөрдү "110 кВ Айгүлташ-Самат ЖЛ жана подстанция" долбоорунун чегинде салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жалдоочунун (иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "И.Айдарбековдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Каталиттик Фондунун Грантынын (EFA-FTI Грант № TF 094141) "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тездетип жүзөгө ашыруу демилгелери" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө.

Төрага

А.Тагаев
