# КР ӨКМӨТҮ 2003-жылдын 6-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮ 2003-жылдын 6-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2003
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13548/edition/544079/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2003 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮ 2003-жылдын 6-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (06.03.2003 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 6-марты № 106 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын ишкердигин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомунун "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы" деп аталган тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

| 2. | Премьер-министрдин Секретариаты | 10 |
| --- | --- | --- |
|  | Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Туруктуу өкүлү - Премьер-министрдин кеңешчиси | 1 |
|  | Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы Туруктуу өкүлү - Премьер-министрдин кеңешчиси | 1 |
|  | Премьер-министрдин кеңешчиси | 1 |
|  | Премьер-министрдин, Вице-премьер-министрлердин, Премьер- министрдин Аппарат Жетекчисинин - Министрдин жардамчылары | 5 |
|  | Жогорку Кеңештин палаталары менен иштешүү боюнча референт | 1 |
|  | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протокол боюнча референти | 1 |

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

| 11. | Эл аралык кызматташуу бөлүмү | 7 |
| --- | --- | --- |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Бөлүм башчынын орун басары | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
|  | Референт | 2 |

- 16-пункттагы "Бардыгы" деген позициядагы "118" саны "120" деген санга алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - Министрге жүктөлсүн.

Премьер-министр:

Н.Танаев
