# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 479-IV "2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 479-IV "2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 479-IV
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6684/edition/522297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 479-IV "2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (12.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74472

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 12-июну № 479-IV 2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Ысыккөлдө жана Соңкөлдө жашаган балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатып өткөрүүгө жана ташып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин жаңы редакциясы тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жана "2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө; "Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралу; "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Панфилов айылдык кеңешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Курама айыл округу деп жаңыдан атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Миңбулак айылдык кеңешин Нарын облусунун Нарын районундагы Аттокуров айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

А.Тагаев
