Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2008-жылдын 23-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 23-майы № 410-IV 2008-жылдын 23-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 23-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Мадумаровдун демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "1999-жылдын 25-августунда кол коюлган 1993-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскер объекттерин пайдалануунун тартиби жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы Региондук террорчулукка каршы түзүм жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "2007-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2007-жылдын 5-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштурууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган, "Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" гранты (JFPR Proect № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2007-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага
А.Мадумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мучо мамлекеттердин узак мооноттуу жакшы коншулаштык, достук жана кызматташтык жонундо келишимин…Закон · 23.06.2008 · № 119
- Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндөгү…Закон · 23.06.2008 · № 120