# 6-статья. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет мамлекеттердин

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 6-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-6

---

жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара мамилелеринин негиздери

1. Шаар республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарына, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын өз бийлик-укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жер участокторун, имараттарды жана курулуштарды берет, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтөт; мамлекеттик эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шаардын жер участокторун, имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө, республикалык, эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгашаларын компенсациялайт, ошондой эле борбордун милдеттерин аткарууга байланыштуу республикалык программаларды ишке ашыруу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп берет.

Шаардын аймагында жайгашкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана чарбалык уюмдар менен мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен Кыргыз Республикасынын ортосунда болгон милдеттенмелер жагындагы талаш-тартыштар өз ара келишүү же сот органдары аркылуу чечилет.

III глава Бюджет-финансы системасы жана Кыргыз Республикасынын борборунун менчиги

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-7)
