# 22-статья. Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 22-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-22

---

Тараптардын өз ара таламдарын канааттандыруудан келип чыккан шаарды азык-түлүк менен жабдуу, курчап турган чөйрөнү коргоо, калкты ишке орноштуруу, транспорттун аракеттениши жана транспорттук инфраструктура, электр, жылуулук жана суу менен жабдуу, калкты социалдык-маданий жана тиричилик жактан тейлөө, жерге жайгаштыруу чөйрөлөрүндөгү Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Эгерде тараптар өз ара келишимге келе алышпаса, талаш-тартыш Чүй облусуну, Бишкек шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Чүй облустук, Бишкек шаардык кеңештери тарабынан алардын компетенцияларына ылайык каралат. Эгерде бул учурда да тараптар бир пикирге келише алышпаса, талаш-тартыш ушул Мыйзамдын 21-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган шартта чечилет. Бишкек шаары шаарга чектеш райондор менен бирдиктүү шаар куруу саясатын биргелешип иштеп чыгат жана ишке ашырат. Бишкек шаары жана шаарга чектеш райондор өз ара таламдарды билдирген маселелерди иш жүзүнө ашырууда биргелешкен нормативдик актыларды кабыл алышат, келишимдерди түзүшөт, ошондой эле башкаруу органдарын уюштура алышат.

VIII глава Бишкек шаарынын ыйык белгилери

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-23)
