# 21-статья. Бишкек шаарынын Чүй облусу менен мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 21-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-21

---

Шаар Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына алардын өз бийлик-укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн төлөө негизинде жер участокторун, имараттарды, курулуштарды берет жана турак-жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтөт. Чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби тиешелүү келишимдер менен аныкталат. Тараптардын өз ара таламдарын канааттандыруудан келип чыккан шаарды азык-түлүк менен жабдуу, коомдук тартипти сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, калкты ишке орноштуруу, транспорттун аракеттениши жана транспорттук инфраструктура, электр, жылуулук жана суу менен жабдуу, калкты социалдык-маданий жана тиричилик жактан тейлөө, жерге жайгаштыруу чөйрөлөрүндөгү Бишкек шаарынын Чүй областы менен мамилелери келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Эгерде тараптар өз ара макулдаша алышпаса, анда акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Бишкек шаары жана Чүй облусу алардын кеңештеринин жана мамлекеттик администрацияларынын компетенцияларына кирген маселелер боюнча биргелешкен таламдарды ишке ашырууда биргелешкен нормативдик актыларды кабыл алышат, келишимдерди түзүшөт, биргелешкен башкаруу органдарын уюштура алышат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-22)
