# 15-статья. Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 15-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-15

---

Бишкек шаардык кеңеши өз компетенциясынын чегинде токтом кабыл алат. Кеңештин төрагасы буйрук чыгарат. Шаардык кеңештин токтомдору Бишкек шаарында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы өз компетенциясынын чегинде токтом жана буйрук чыгарат. Башчынын граждандардын укуктарына тиешелүү токтомдору жана буйруктары менен калкка маалымдалууга тийиш. Шаардын мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актылары Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаардык кеңешинин же Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенцияларынын чегинде кабыл алышкан актылары аткарылбаган учурда "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-статьясында жана башка мыйзам актыларында каралган жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-16)
