# 14-статья. Райондук башкаруу органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 октября 2009 года № 284 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202728)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/744#diff=505492..505493>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 14-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-14

---

Райондогу аткаруу бийлигин райондун мамлекеттик администрация башчысы жетектеген жергиликтүү мамлекеттик администрация жүзөгө ашырат. Райондун мамлекеттик администрация башчысы өзүнүн ишин Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын жетекчилиги астында жүзөгө ашыруу менен:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка актыларын, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорун, Бишкек шаарынын мамлекеттик администрациясынын буйруктарын аткарууну уюштурат;

- райондо Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы жана шаардык кеңеш тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шаардык саясатты жүргүзөт;

- райондук деңгээлдеги бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот;

- аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарына зарыл көмөктөрдү көрсөтөт;

- Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын берген бийлик укугу боюнча шаардын муниципалдык менчик объектилерин башкарууну жүзөгө ашырат;

- ишканалар, мекемелер, уюмдар менен алардын райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө катышуусу жөнүндө келишимдерди түзөт;

- мыйзамдарга ылайык райондун аймагында ээлик кылуу ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

- райондун аймагында жашаган граждандардын социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик керектөөлөрүн камсыз кылууга байланышкан маселелерди басымдуу түрдө келишимдик негизде чечет, райондун граждандарын тейлөөгө шаардын жергиликтүү чарбасынын тиешелүү ишканалары, чарбалык иштин башка объектилери, ошондой эле тиешелүү шаардык башкармалар менен чарбалык келишимдерди түзөт;

- аймактардын коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарына өзүнүн бийлик-укуктарынын жана тиешелүү финансы каражаттарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу;

- өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Райондук мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актылары райондун аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы башкаруунун шаардык жана райондук деңгээлдеринин ортосундагы функционалдык милдеттердин бөлүштүрүлүшүн бекитет, өзүнүн бийлик-укуктарынын айрымдарын аткарууну райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына өткөрүп берүүгө укуктуу. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-15)
