# 13-статья. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын бийлик-укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/744)
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XII "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1492-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 22.10.2009 [Закон КР от 22 октября 2009 года № 284 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202728)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/744#diff=505493..505494>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-708/edition/505492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/744/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө, 13-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-13

---

Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын бийлик-укуктары колдонуудагы мыйзамдар тарабынан регламенттештирилет. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, шаардык кеңештин токтомдорунун сакталышын, коомдук тартиптин сакталышын, граждандардын (калктын) укуктук жана социалдык жактан корголушун;

- Бишкек шаары тарабынан борбордун функцияларынын аткарылышын;

- шаардык чарбаны, шаар курууну жана шаарды социалдык жактан өнүктүрүү башкарууну;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашырууну "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык компетенциясынын чектеринде камсыз кылат.

Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы:

- бюджеттин долбоорун иштеп чыгууну уюштурат жана аны шаардык кеңештин бекитүүсүнө коет, аны түзүүнү жана аткарууну камсыз кылат;

- шаардагы иштердин абалы жөнүндө жыл сайын кеңешке билдирүү жасайт;

- жергиликтүү чарбанын тармактарын жана шаарды башкаруу схемасын иштеп чыгат жана бекитет, аткаруу бийлигинин органдарын түзөт, бул органдар жөнүндө жоболорду бекитет, келишимдик негизде алардын жана муниципалдык менчик объектилеринин жетекчилерин ишке алат жана бошотот;

- шаарды башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жетекчилик кылат жака алардын ишине көзөмөл жүргүзөт;

- мыйзам тарабынан бекитилген чектерде жана тартипте шаардык (муниципалдык) менчик объектилерин башкарат жана аларды тескейт;

- граждандарга, мамлекеттик, кооперативдик, коомдук ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде чет өлкөлүктөргө да) жер участокторун ээлик кылууга, пайдаланууга жана ижарага берет;

- бюджетти аткаруу учурунда алдын-ала белгиленбеген чыгымдар фондун пайдалануу багытына өзгөртүү киргизиши мүмкүн;

- шаардык кеңештин токтомдору боюнча Бишкек шаардык сотуна даттана алат;

- шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардын райондорунун саны жана чек аралары боюнча сунуш киргизет;

- республикалык, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;

- аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунуштарын карайт жана өз ишинде эске алат, аларга каралган сунуштардын жыйынтыктарын билдирет;

- шаарды өнүктүрүүнүн ири долбоорлорун иштеп чыгууда аткаруу органдарынын жана шаардык кеңештин депутаттарынын биргелешип иштөөсүн уюштурат;

- аткаруу органдарынын штаттарын белгилейт, кадрлар менен ишти уюштурат, аларды аттестациядан өткөрөт, кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин көтөрүү боюнча чара көрөт; колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сыйлоо чараларын көрөт, шаардын аткаруу бийлигинин органдарынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартат;

- банк мекемелеринде эсептерди ачат жана жабат, финансы каражаттарына тескейт, финансылык документтерге кол коет;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

- колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка бийлик-укуктарды жүзөгө ашырат.

Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарында, чет өлкөлөрдө Бишкек шаарынын атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, республиканын облустары жана коомдук бирикмелери менен өз ара аракетти жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Бишкек шаардык кеңеши, шаардын мамлекеттик администрация башчысына шаардын борбор катары функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон башка бийлик-укуктарды бериши мүмкүн. Шаардын чарбалык жана социалдык өнүгүү тармактарына жетекчилик кылуу үчүн шаардын мамлекеттик администрация башчысы тарабынан ал өзүнүн бийлик-укуктарынын бир бөлүгүн ыйгарып бере турган тиешелүү органдар (шаардык башкармалар) түзүлөт. Шаардын аткаруу бийлигинин органдары жана структуралык түзүлүштөрү өздөрүнүн ишиндеги бардык маселелер боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысына отчет беришет жана анын көзөмөлү алдында турушат. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/744/st-14)
