Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Айыл Банк» ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 февраля 2016 года № 297-VI "О признании утратившим силу постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "О проекте Концепции приватизации открытого акционерного общества "Айыл Банк" № 396-IV от 22 мая 2008 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-18.
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 297-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 22-майы № 396-IV "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору коомдун мамлекеттик пакетинин акцияларынын 67 пайызын инвестициялык сынакта сатуу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кредиттик колдоо үчүн банктын адистештирилген багытын сактоо боюнча инвесторлорго карата талапты күчөтсүн;
- банктын айыл калкынын кыйла арзан кредиттерге жетишин кеңейтүүнү камсыз кылуучу капиталынын деңгээлин жана ресурстук базасын жогорулатууну карасын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын депутаттарын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын ишине лицензия берүүдө инвестор тарабынан Инвестициялык макулдашуунун негизги талаптарынын сакталышын карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети (А.А.Шадиев) менен Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков) жүктөлсүн.
Төрага
А. Модумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 297-VI "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү Концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 18.02.2016 · № 297-VI
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 125
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246"Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2007 · № 246 · Күчүн жоготкон