КР Жогорку Кеңешинин «Туризмди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшырма берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 6-марты № 3889-V Туризмди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшырма берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Төмөндөгүлөр тапшырылсын: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментине:
1) Кыргыз Республикасынын туризм тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын кызыкдар тараптардын катышуусу менен 2015-жылдын 1-апрелине чейин иштеп чыгуу;
2) Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында туристтик коомдоштуктар жиберген өкүлдөрдүн катышуусу менен 2014-жылдын туристтик сезонун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
3) бизнес коомдоштуктардын сунуштарын эске алуу менен туризмдин тоо лыжасы жана башка түрлөрүн өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
4) "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүү.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - "ачык асман" саясатын ишке ашыруу жана республикалык маанидеги трассаларда туристтик инфратүзүмдөрдү жакшыртуу боюнча баарын камтыган чараларды көрүү. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине - Кыргыз Республикасын туристтердин келүүсү үчүн коопсуз өлкө катары таанытуу багытында алыскы айрым чет өлкөлөрдүн тийиштүү ведомстволору менен иш алып барууну активдештирүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына - туристтик компаниялардын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасына келүүгө визасы бар туристтер үчүн чек ара зонасына өткөрмө алуунун жол-жоболорун жокко чыгаруу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине - жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти сурап жаткан 50 млн. сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты ар жыл сайын финансылоону камсыз кылуу.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.