# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3850-V
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6527/edition/517407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (26.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74311

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 45-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун кыйшаюусуз сактасын; төмөндөгүдөй чараларды кабыл алсын: "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча; ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Мыйзам долбоорунун текстти, маалымкат негиздемеси жана кемчиликтерин четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтары менен берүү тууралуу мыйзамдардын жоболорун кыйшаюусуз аткаруу боюнча; "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 2014-жылдын 31-мартына карата маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
