# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 334-IV "2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 334-IV "2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 334-IV
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6513/edition/516944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 334-IV "2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-апрели № 334-IV 2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү кун тартиби бекитилсин: "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "1916-жылдын кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Айрым министрликтерди жана ведомстволорду Ош шаарына которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын Тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүчү трасттык фондунун гранты (ЕFА-FTI № ТF 090141 гранты) жөнүндө катты-макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Бишкек шаарында 2007-жылдын 29-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоого PHRD № ТF 090315 гранты жөнүндө катты-макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Душанбе шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугун уюштуруу жөнүндө 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

Төрага

А.Мадумаров
