# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3837-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3837-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3837-V
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6493/edition/517266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3837-V "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому (20.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74275

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-февралы № 3837-V Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 377 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша боюнча пландык көрсөткүчтөрү реалдуу көрсөтүлсүн.

Төрага

А. Жээнбеков
