# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 315-IV "2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 315-IV "2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 315-IV
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6482/edition/516531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 315-IV "2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө" токтому (10.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 10-апрели № 315-IV 2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына төмөнкү кошумча маселелер киргизилсин: "Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Бишкек шаарында 2008-жылдын 14-мартында кол коюлган мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана коррупцияны ооздуктоо программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы "Миң жылдык Чакырыктарынын" Эсеби Босоголук программасынын чегинде көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; 2008-2010 жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика программасынын долбоору жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясы жөнүндө.

Төрага

А.Мадумаров
